18:07
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

COVID-19. Көпчүлүк өлкөлөрдө ооругандардын саны кескин өстү

Пневмония менен ооругандардын саны кескин өсүшү Казакстанда катталды. Өткөн сутканын ичинде өлкөдө 408 учур катталды, деп билдирет Tengrinews.kz.

Ооругандардын саны башка өлкөлөрдө да катталууда. Үстүбүздөгү аптада пандемия убагында ооругандардын суткалык рекорду катталды.

Deutsche Welle берген маалыматка ылайык, бир сутканын ичинде SARS-CoV-2 вирусу жер планетасынын 308 миң жашоочусунан аныкталды. Эң көп ооругандар Индия, АКШ, Бразилия жана Испанияда катталды.

Айрым өлкөлөрдө илдет жугузгандардын саны жаз айлары катталган туу чокудан ашып түштү. Бүткүл Европада оорулуулардын саны өсүп жатат — антирекорд Франция менен Улуу Британияда катталды, Испания менен Чехияда вирус кайтадан күчтөнө баштады.

Мамлекеттер оору менен күрөшүү чараларын күчөтүүдө. Мисалы, Армения 2021-жылдын 11-январына чейин баардык аймактарга карантин киргизди. Улуу Британияда алты кишиден ашуун чогулууга тыюу салынды. Израиль кайтадан локдаун киргизген өлкөлөрдүн бири болду, аны 18-сентябрдан тартып үч жумага киргизишти.

Коронавирустун экинчи толкунун октябрь айлары күтүп жаттык эле, бирок ал андан эрте келди окшойт. Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму илдеттен каза болгондордун саны жакынкы айлары өсөөрүн расмий түрдө кабарлап, вакцинага тобокел кылбагыла деди.

Коронавирустан сакайган адам айлана чөйрөгө дагы 90 күн коркунуч туудурушу мүмкүн, себеби ал вирусту бөлүп чыгарат деген маалыматты Роспотребнадзордун жетекчиси Анна Попова билдирди, деп жазат РИА. Попованын айтымында, мындай учурда вирус активдүү болуп, аны алып жүрүүчү эч кандай симптомдорду сезбейт.

Эң көп окулган жаңылыктар