08:16
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Азиз Батукаевдин бошотулушу. Атамбаев абактан кайрылуу жасады

Крим тɵбɵл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча 2020-жылдын август айында Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Алмазбек Атамбаевди 11 жылга эркинен ажыратуу ɵкүмүн чыгарган.

УКМК абагында отурган мурдагы президент бүгүн жалпыга маалымат каражаттарына кайрылуу жасады.
Алмазбек Атамбаевдин айтымында, сот отурумдары жабык ɵтүп, иштин материалдары жашыруун болгондуктан, эл чындыкты билбей туруп, ушак-айыңга ишенүүдɵ.

Жаныш Бакиевди Кыргызстанга экстрадиция кылуу боюнча атайын операция даярдап, аны ишке ашырганын да мурдагы президент мойнуна алды.

«Тилекке каршы, УКМК операциясы ишке ашырылган жок. Анын себебин жана ким күнɵɵлү экенин ɵз убагында билебиз. Балким, кимдир бирɵɵ операциянын ишке ашырылбай калышына кызыкдар болгон, а балким жагдай ушундай болуп калды. Жаныш Бакиев сыяктуу кылмышкерлерге карата мамлекет чара кɵрүү керектигине мен азыр да терең ишенем» — деп жазды Алмазбек Атамбаев.

Жаныш Бакиев жана анын шериктерине чыгарылган ɵкүм буларга кол тийбестик макамын берди, деп эсептейт ал.

Алмазбек Атамбаев эми эл сотуна, тарых сотуна жана Кудайдын сотуна үмүттɵнɵɵрүн билдирди.

Эң көп окулган жаңылыктар