Караколдо коомдук транспорт жандана баштады. Бул тууралуу шаардык мэриянын пресс-кызматы маалымдады.
Анын айтымында, мындай чечим штаб тарабынан коронавирустук инфекциянын жайылышына каршы туруу үчүн кабыл алынган.
«Кечээ штабдын отурумунда Караколдогу коомдук транспорттун ишин калыбына келтирүү маселеси көтөрүлдү. Көпчүлүк демилгени колдошту, бирок бир гана транспорттук салондордо маска режимин сактоо шарты менен гана. Эл көп жүргөн жерлерде, мисалы коомдук транспортто же дүкөндө маска кийүү адамды вирустардан коргойт», — деп берилет маалыматта.