17:12
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Белорус президенти Александр Лукашенко коронавирус менен ооруп айыкты

Беларус президенти Александр Лукашенко анализинен коронавирус табылганын, бирок анда оорунун белгилери болбогонун жана ал ооруканага жатпай эле айыгып кеткенин билдирди. Бул тууралуу ал 28-июлда Минскиде аскерлер менен жолугушуда айтканын «Азаттык» кабарлайт.

«Мен үнүм үчүн кечирим сурайм. Соңку кездерге көп сүйлөөгө туура келип жатат. Бирок эң таң калыштуусу силер коронавирусту жеңген адам менен сүйлөшүп жатасыңар. Кечээ дарыгерлер ушундай бүтүм чыгарышты. Менде оорунун белгилери болгон жок», — деди.

Лукашенко бул илдет тууралуу кооптонууларды бир нече жолу четке кагып келген. Ушул тапта Беларуста коронавирус менен ооругандардын саны 67 миңден көп. 543 адам андан көз жумду.

Лукашенко өзү 9-августта өтчү президенттик шайлоого камданып жүрөт.

Мамлекетти 25 жылдан бери башкарып келаткан Лукашенко быйыл оппозициянын буга чейин болуп көрбөгөндөй каршылыгына туш болууда.

Эң көп окулган жаңылыктар