14:31
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Бишкек шаарынын вице-мэри болуп Виктория Мозгачева дайындалды

Бишкек шаарынын вице-мэри болуп Виктория Мозгачева дайындалды. Бул туурлауу мэриянын басма сөз кызматы маалымдады.

Анын айтымында, Виктория Мозгачева буга чейин «Бишкек жылуулук» коммуналдык ишканасынын директору болуп иштеп келген.

«Бүгүн Виктория Мозгачева Бишкек шаарынын вице-мэри болуп дайындалды. Мозгачева социалдык тармакты көзөмөлдөйт. Ал Искак Раззаков атындагы мамлекеттик техникалык университетте инженер-экономист адистиги боюнча жогорку билим алган», — деп берилет маалыматта.

Эске сала кетсек, экс-вице-мэр Татьяна Кузнецова бүгүн кызматтан кеткен.

Эң көп окулган жаңылыктар