07:14
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Аткаминерлер «Мекен» тасмасын көрсөтүүгө тыюу салышууда

Режиссер Медербек Жалиловдун «Мекен» тасмасында коррупциянын элементтери чагылдырылган жана ушул себептен көрсөтүүгө тыюу салынган. Буга ылайык аткаминерлер тасмадан көптөгөн көрүнүштөрдү алып салууну суранышууда. Бул тууралуу 24.kg агенттигине режиссёр өзү билдирди.

Анын айтымында, көркөм тасманын премьерасы 24-январда өтүшү керек болчу.

«Бизге маданият министринин өзү кинотеатрлардын өкүлдөрүнө чалып, алардан биздин фильмди көрсөтпөөнү сурангандыгы тууралуу маалымат келип түштү. Аны өлкөнүн кинотеатрларында көрсөтүү үчүн ижарага күбөлүк алып, атайын комиссиядан өткөрүш керек. Бул тасманы көрсөтпөө үчүн көптөгөн мамлекеттик мекемелер жана УКМК дагы каршы болгон. Алар бизден жемкорлук жана паракорчулук эпизоддорун токтотууну суранышты. Биз аларга бул көркөм тасма жана андагы окуялар ойдон чыгарылып көркөмдөлгөн деп түшүндүрдүк. Бирок, эмнегедир алар бардыгын өздөрүнө алып алышты», — дейт Медербек Жалилов.

Мурда буга байланыштуу эч кандай маселе жаралчу эмес, биз тасманын көчүрмөсүн алып чыктык жана бизге дароо күбөлүк беришти. «Мекен» кинотасмасында комиссия карап чыгарын айтышты, бирок биз алты ай ичинде бир нече жолу көрсөттүк.

Медербек Жалилов

Ал кинотасманын айрым көрүнүштөрүн алып салууга макул болгонун, бирок бардыгын өз эсебинен өзгөртүү керек экендигин кошумчалады.

«Фильм өз акчабыз менен тартылгандыктан насыя алып, карызга баттык. Бул окуя аяктабай жатат, биз алар сураган нерсенин барын алып салдык окшойт, бирок комиссия башка кадрларынан кемчилик таба баштады. Мындай кылган болбойт да. Биз анда кинону эмне үчүн тарттык?» — дейт режиссёр.

Медербек Жалилов «Мекен» тасмасын 31-июлда саат 20.00дө YouTube баракчасына жүктөөнү чечти. Сыпаттамада ал кайдыгер карабаган көрүүчүлөргө акча которууга мүмкүн болгон эсептерди калтырат.

Эң көп окулган жаңылыктар