01:58
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Адвокат: Экс-президент Алмазбек Атамбаев өзүн начар сезип жатат

Эки тараптуу пневмония менен дарыланып, бир жумадан кийин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин убактылуу кармоочу жайына которулган Алмазбек Атамбаев өзүн начар сезип жатат. Бул тууралуу 24.kg агенттигине адвокат Замир Жошев билдирди.

Анын айтымында, кечээ ал Алмазбек Атамбаевди көргөнү барган.

«Ал эмне үчүн бир эле жума дарыланганына таң калып жатабыз. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Алмазбек Атамбаевдин коронавируска карата тапшырган тестинин жыйынтыгынын жакшы чыкканын айткан. Бирок кан басымы төмөн. Анын курагына жана камакта отурганына карабастан, бул тынчсыздандыруучу көрсөткүч. Дарыгерлердин айтымында, жагымсыз натыйжа чыкса, бардык органдардын иши үзгүлтүккө учурашы мүмкүн», — дейт Замир Жошев.

Буга чейин дагы бир адвокат Сергей Слесарев, мурдагы президентти ооруканага жаткыруу жана ага квалификациялуу медициналык жардам көрсөтүү боюнча бир нече жолу кайрылган.

Эске сала кетсек, 30-июнда Алмазбек Атамбаевге эки тараптуу пневмония диагнозу коюлган. Ага бир нече кылмыш иши боюнча айып тагылууда, алардын экөөсүндө -крим төбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу жана 2019-жылдын 7-8-августундагы Кой-Таштагы окуялар боюнча сот иштери жүрүп жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар