13:35
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Кыргызстанга 500 миң доллар жардам көрсөттү

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Кыргызстанга жеке коргонуучу каражаттарды жөнөттү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо минстрлигинин пресс-кызматы билдирди.

Анын айтымында, 46 миң 200 жүздү коргонуучу калкан, 14 миң 600 коргонуучу көз айнек, 57 миң халат, 150 миң KN95 респиратору өткөрүлүп берилди. Гуманитардык жардамдын жалпы баасы 508 миң 78 долларды түзөт.

Саламаттыкты сактоо министрлиги белгилегендей, жеке коргонуучу каажаттар медициналык кызматкерлердин коопсуздугун жана натыйжалуу иштөөсүн камсыз кылат. Коргонуучу каражаттар өкмөттүн өтүнмөсү боюнча берилген.

Буга чейин Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму бир катар коргонуучу каражаттарды, ПЦР-тесттерди, үлгүлөрүн чогултууга жана тест алуу үчүн лабораториялык чыгым материалдарын (пробирка, тампон, топтомдорду, реагенттерди ж.б.) өткөрүп берген.

Саламаттыкты сактоо министрлиги, уюм ошондой эле лабораторияларды, баштапкы саламаттык сактоо уюмдарын, ооруканаларды жана коомдук саламаттыкты сактоо адистерин камтыган медициналык кызматкерлер үчүн онлайн окутууларды өткөрөрүн кошумчалады.

Эң көп окулган жаңылыктар