15:18
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Юристтер: Stand Up катышуучусун УКМКга чакырууга эч кандай негиз жок

УКМКнын Stand Up шоусунун катышуучусу Назгүл Алымкулованы суракка чакырууга эч кандай негизи жок. Мындан тышкары, бир нече мыйзам ченемдери бузулду. Бул тууралуу Медиа Полис Институтунун адвокаттарынын билдирүүлөрүндө айтылат.

15-июлда Назгүл Алымкулова УКМКга күбө катары чакырылгандыгы тууралуу социалдык тармактарга сүрөт жарыялаган. Адвокаттар белгилегендей, мыйзамга ылайык суракка чакыруу барагында өзү менен кошо адвокат коштоо укугу көрсөтүлүшү керек болчу, бирок бул тартип аткарылбай калган.

Назгүл Алымкулова УКМКга өлкө башчынын жүзүн колдонуп тамашалуу видео жүктөгөндүгү боюнча чакырылган. Ал видеодо америкалык белгилүү рэперинин жүзүнө өлкө башчы Сооронбай Жээнбековдун сүрөтүн коюп, фейк видео жасашкан. Жалпыга маалымдоо каражаттарына чыккан маалыматты презденттин пресс-кызматы четке какпай, кыйыр түрдө тастыктаган«, — деп айтылат билдирүүдө.

 Жарыяланган видеодо мыйзам бузуу белгилери камтылбайт, жана өзүнүн пародиялык мүнөзү менен эч кимге эч кандай түшүнбөстүктү жаратпайт. Ошондой эле Конституция жана мыйзамдын негизинде корголгон тамашадан башка эч нерсе жок. 

Медиа Полис Институтунун юристтери

 «УКМК кызматкерлери кылмыштын белгилери байкалбаган ишке Назгүл Алымкулованы эмне үчүн чакырып, өз убактыларын коротуп, ишти кароого эмне үчүн каражат сарпташты?» — деп суроо узатышууда медиаэксперттер.

Уюм Назгүл Алымкуловага УКМК кызматкерлеринин иш-аракеттерине тийиштүү укуктук баа берүү өтүнүчү менен прокуратурага кайрылууга укугу бар экендигин эскертти.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби