«Сорос-Кыргызстан» фонду Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын алдындагы госпиталдын COVID-19 вирусуна каршы күрөшүп жаткан дарыгерлерине 4 миң 500 доллар өлчөмүндөгү жардам көрсөттү (3 миң 250 доллары фонддун казынасынан, ал эми 1 миң 250 доллары кызматкерлеринен чогултулган).
Фонд COVID-19 вирусу өлкө боюнча жайылуусунун соңку божомолунун негизинде, калкты дарылоо үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү тез арада жайылтуу зарыл экендигин маалымдады.
«Сорос-Кыргызстан» фонду каражаттарды мобилдештирип, аны менен катар госпиталды колдоо мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүнү карап жатат.
Фонддун адистери, өлкөнүн ар бир жаранын коопсуздук чараларын так сактоого чакырат.