20:51
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Бишкектеги жаңы ачылган түнкү стационарларга кечээ 231 жаран кайрылды

Бишкектеги жаңы ачылган түнкү стационарларга кечээ 231 жаран кайрылган. Бул тууралуу 24.kg агенттигине борбор калаанын мэри Азиз Суракматов билдирди.

Анын айтымында, алардын ичинен 87 бейтаптын абалы оор, калгандарыныкы орто жана жеңил түрдө.

Бишкек шаарынын мэри түнкү ооруканалар өз убагында ачылды деп эсептейт.

«Бүгүн кечинде биз 100гө жакын кыргыздын өмүрүн сактап калдык десек болот. Алардын бардыгы түн жарымында жардам сурап келишкен, жана алардын баарына жардам көрсөтүлдү», — деди мэр.

Эгер биз бир мекендешибиздин өмүрүн сактап калсак, демек аракетибиздини текке кетпегени. 

Азиз Суракматов

 Аны менен катар шаар башчысы «Консул» түнкү ооруканасында болгон окуяга токтолду.

«Кечээ бейтаптар стационар ачылганга чейин эле келип алган учурлар болду. Мэрия эскерткендей, түнкү ооруканалар саат 21.00дөн 9.00гө чейин иштейт. Биздин дарыгерлер, медайымдар, санитаркалар жана ыктыярчылар тынымсыз иштеп жатышат. Алар жада калса тамак ичкенге, уктаганга үлгүрбөй калышууда. Мекендештерибизден дарыгерлерге түшүнүү мамиле кылууну суранат элем. Албетте, медициналык кызматкерлер бейтаптарды кабыл алуудан баш тартышкан жок. Жөн гана алар дагы чарчашат, буттарына тура албай калышат. Эң негизгиси адамдык сапат жогору болушу керек», — дейт Азиз Суракматов.

Ал оор абалда келген аял Бишкектеги ооруканага жеткирилгенин кошумчалады. Учурда бейтап дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Эң көп окулган жаңылыктар