12:44
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

УКМКнын тергөө абагында карантин жарыяланды

УКМКнын тергөө абагында карантин жарыяланды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине адвокат Сергей Слесарев билдирди.

Анын айтымында, бардык жолугушуулар жана катышуулар жокко чыгарылган. Соттолуучулардын адвокаттары да, камакка алынгандардын укуктарынын бузулушун көзөмөлдөгөн укук коргоочулар дагы тергөө абагына киргизилбей жатат.

«Алмазбек Атамбаевдин ден-соолугу кандай экени мага белгисиз. Мен өзүм дагы ооруп жаткандыгыма байланыштуу учурда өргүүдөмүн. Дарыгерлер пневмония диагнозун коюшту», — дейт Сергей Слесарев.

Сергей Слесаревдин УКМКнын тергөө изоляторундагы камактагылардын кимиси ооруп жаткандыгы боюнча маалымат жок. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети бул боюнча комментарий бере элек.

Эскерте кетсек, буга чейин тергөө изоляторунда 11 кызматкер ооруп жаткандыгы тууралуу кабарланган. Бирок УКМК бул маалыматты тастыктаган жок.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума
18-апрель, бейшемби