04:05
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына бир сутка ичинде 50 бала жаткырылды

Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына бир сутка ичинде (04.04.19ж.) 208 бейтап кайрылган. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, кайрылгандардын ичинен 137си жаш балдар.

«Кайрылгандардын 64ү ооруканага жаткырылган, алардын 50сү жаш балдар. Курч мүнөздөгү вирустук инфекциялар менен 29 адам кайрылса, алардын 12 ооруканага жаткырылып, 17 бейтапка амбулатордук жардам көрсөтүлгөн. Курч мүнөздөгү ичеги-карын инфекциялары менен 32 адам кайрылса, 12си ооруканага жаткырылган. Кызамык оорусу менен 11 кайрылып, 9у ооруканага жаткырылган», -деп билдиришти министрликтен.

Эң көп окулган жаңылыктар