08:45
USD 77.05
EUR 91.17
RUB 1.05

УКМК: Жогорку Кеңештин депутаты Максат Сабировго карата тергөө иши башталды

УКМК социалдык тармактарда Жогорку Кеңештин депутаты Максат Сабировдун атынан таратылган аудио жазуу боюнча тергөө ишин баштады. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, учурда керектүү экспертизалар дайындалып, конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө үндөгөн коомдук кайрылууларды аныктоо үчүн тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Экспертизанын жана тергөөнүн жыйынтыгы боюнча ага юридикалык баа берилип, мыйзамдын чегинде чара көрүлөт.

Максат Сабиров журналисттерге эмне жөнүндө сөз болуп жаткандыгын түшүнбөгөндүгү тууралуу айткан. Ал учурда ооруп жаткандыгын билдирген.

«Менин досумду уурдап кетишип өлтүргөндөрүн билем. Мен ошондо суроо бергем: биз кайсы өлкөдө жашап жатабыз? Бирок мен бийликке каршы чыгууга камданып жаткандыгым тууралуу айткан эмесмин. Мен жөн гана эмне үчүн бийлик иштебей жаткандыгын сурагам», — дейт Максат Сабиров.