COVID-19 менен байланышкан иш-чараларды каржылоо өз убагында жана талап кылынган көлөмдө жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.
Анын айтымында, 2019-жылы саламаттыкты сактоо чөйрөсүнө республикалык бюджеттен 3,6 миллиард сом бөлүнгөн. Ал эми 2020-жылдын көрсөткүчү 6,6 миллиардга чейин өскөн. Медициналык кызматкерлердин коронавирус илдетине каршы күрөшүүсү үчүн айлык акыларына жана кошумча төлөмдөрүнө бир гана республикалык штабдан 243, 3 миллион сом бөлүнгөн.
«Мындан сырткары, ИВЛ аппараттары, кычкылтек концентраторлору, жеке коргонуучу каражаттары, зарыл болгон медициналык препараттар жана гигиена каражаттары дагы каржыланды», — деп берилет маалыматта.