00:22
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Бишкекте катуу сабалган кыздын өлүмүнө өзүнүн атасы шектелүүдө

Бишкекте Патрулдук милиция кызматкерлери адам өлтүрүүгө шектүү 49 жаштагы жаранды кармашты. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.

Такталгандай, 6-июлда болжол менен саат 9:20да кичи райондордун биринде атасы кызын сабап, натыйжада кызы каза болуп калгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

«Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барып, 15 жаштагы өспүрүм кыздын жансыз денесин табышкан. Адам өлтүрүүгө шекүү катары өзүнүн атасы 49 жаштагы Б.С. аттуу жаран кармалган. Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Адам өлтүрүү» беренеси боюнча катталды», — деп берилет маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума