11:44
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Ырчы, комузчу Азиз Батыров уулдуу болду

Ырчы, комузчу Азиз Батыровдун жубайы көз жарды. Бул тууралуу Азиз Батыров өзүнүн Instagram баракчасы аркылуу сүйүнчүлөдү.

Анын айтымына караганда, ымыркайдын салмагы 3 килограмм 200 грамм, ал эми бою 51 сантиметр.

«Аябай толкунданып жатам. Жомоктогудай сезим болуп жатат. Буйруса уулубузга элдин ынымагы бекем болсун деген ниетте Ынымак деген ысым ыйгарсакпы деп жатабыз» , - дейт ырчы.

Эске сала кетсек, Азиз Батыровдун жубайы жолдошу жарык дүйнөгө келген төрөт үйүндө көз жарган. Жаш жубайлар 2019-жылдын 7-октябрында баш кошушкан.

Эң көп окулган жаңылыктар