18:26
USD 84.79
EUR 100.79
RUB 1.10

COVID-19. Ырчы Анжелика Кайратова вирус жуктуруп алды

Ырчы Анжелика Кайратова вирус жуктуруп алды. Бул тууралууу ал инстаграм баракчасында билдирди.

Ал жыт, даам сезбей калганын кабарлады.

«Эрте менен тиш пастанын даамын, андан кийин атырдын жытын сезбей калдым. Шоколад жесем, оозумда пластилин жүргөндөй болду. Дароо тест тапшырдым. Көп өтпөй коронавируска кабылганым билинди. Дене табым көтөрүлгөн жок, жөтөлүм дары ичерим менен жоголду», — дейт Анжелика.

Эң көп окулган жаңылыктар