06:36
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Ноокатта милициянын башчысы 80 миң сом акча алып жаткан жеринен кармалды

Ноокат районунда ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматынын бөлүм башчысы пара алып жатканда кармалган. Бул тууралуу ИИМдин пресс-кызматы билирди.

Белгилүү болгондой, буга чейин Т.А. аттуу жаран ИИМдин Тышкы чалгындоо кызматына кайрылып, сотко чейинки өндүрүштү анын пайдасына чечип берүү үчүн андан акча талап кылган полиция кызматкерине карата чара көрүүнү суранган.

«Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматынын башчысы маселени чечип берүү үчүн 80 миң сом өлчөмүндө пара талап кылганы аныкталды. 2-июлда милиция бөлүмүнүн башчысынын орун басарынын милдетин аткаруучу, полициянын майору С.А. өзүнүн кызматтык кеңсесинде 50 миң сом акча алып жаткан жеринен кармалды. Тергөө Мамлекеттик коопсуздук жана экономикалык башкармалыгы тарабынан жүргүзүлүүдө», — деп берилет маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар