Ысык-Көл облусунун Тоң районунда унаа оодарылып кетип айдоочусу жаракат алды. Бул тууралуу ӨКМдин пресс-кызматы билдирди.
Анын айтымында, айдоочу унааны башкара албай калган.
«Ысык-Көл облусунун Тоң районунда 2-июль күнү саат 12:54 чамасында Төрт-Гүл айылында «Фольксваген-Туарег» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, унаа оодарылып кеткен. Кырсыктын кесепетинен унаанын 1983-жылы туулган айдоочусу жеңил жаракат алган», — деп берилет маалыматта.
Окуя болгон жайга ӨКМдин № 38 ӨКБ куткаруучулары жабыркаган жаранды тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.
Эске сала кетсек, буга чейин Ысык-Көл облусунудагы жол кырсыктан улам төрт адам каза болгону белгилүү болгон.