20:14
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Ош шаарында обсервациянын терезесинен секирип бир аял жан берди

Ош шаарында обсервациянын үчүнчү кабатынан секирип бир аял каза болду. Бул тууралуу 24.kg агенттигине өздүк булактар билдиришти.

Маркум болгон аял төрөттөн кийин Ош шаардык жугуштуу оорулар ооруканасына жайгаштырылган.

«Секирген аял 34 жашта болчу, ал алган жаракатынан улам көз жумду. Каргашалуу окуя болжол менен саат 23:00 чамасында болгон. Учурда окуянын чоо-жайы аныкталууда», — деп берилет маалыматта.

Ош шаардык ИИБ маалыматты тастыктады.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума