19:13
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Бейөкмөт уюмдарга карата демилгеленген чуулгандуу мыйзам күн тартибинен алынды

Депутаттар бейөкмөт уюмдарды каржылык киреше булактары жөнүндө отчет берүүгө милдеттендирген коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрдү күн тартибинен алып салышты.

Депутат Наталья Никитенко 24.kg агенттигине билдиргендей, профилдик комитет үчүнчү окууда документти караган жок, анткени демилге дагы күн тартибинен чыгарылды.

«Бүгүн кечинде эч нерсе өзгөрүп кетпейт деп ишенем жана бул маселе эртеңки жыйындын күн тартибинде кайрадан козголбойт деп үмүттөнөм», — дейт Наталья Никитенко.

Эртең депутаттар Гүлшат Асылбаеванын маалыматты манипуляциялоо боюнча мыйзам долбоорун экинчи окуунун тартибинин негизинде карашы керек.

Буга чейин «Адилет» укуктук клиникасынын юристтери жана медиаэксперттер бул мыйзам долбоорду кодулоо деп баа беришип, жарандардын укуктарын конституциялык жактан коргоо эмес, тескерисинче мыйзам бузууга үндөйт деп билдиришкен.

Белгилей кетсек, Ак Үйдун имаратына депутаттардын арасынан коронавирус аныкталгандыгына байланыштуу журналисттерди киргизбей жатышат. Жыйындагы түз берүүлөр дагы берилбей жатат. Жогорку Кеңештин пресс-кызматы аны менен катар техникалык бөлүмүнүн кызматкерлери үй карантинине жиберилген.

Эң көп окулган жаңылыктар