00:53
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Саламаттыкты сактоо министри: Чындыгында тез жардам унаасы жетишсиз

«Коронавирустын белгилери байкалган бейтаптарды алып кетүү үчүн бизде тез жардам унаасы жетишпей жатат», — деп билдирди саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымат жыйында.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө өлкө боюнча 649 мобилдик дарыгерлер тобу түзүлгөн. Бирок бул аздык кылат. Мисалга, буга чейин Бишкек 106 мобилдик топко муктаж болгон. Автоматташтырылган башкаруу тутуму киргизилгенден кийин 60-70 бригада керек болуп, алардын ичинен 38и гана иштеп жатат.

«Жол кырсыктарга кабылышты, эки медициналык тез жардам унаасы керектен чыкты. Мындан сырткары, мобилдик топ бүгүнкү күндө күчөтүлгөн режимде иштеп жатат, ошондуктан ыкчам жардам көрсөтүүгө убакыт жетишсиз. Бирок мобилдик топтор бир күн ичинде оорулуулардын баарына көмөк көрсөтүүгө болгон күчү менен аракеттенишүүдө», — дейт Нурболот Үсөнбаев.

Кыргызстан боюнча коронавируска чалдыккандардын саны 3 мин 726га жетти. Алардын ичинен 2 миң 82 бейтап ооруканадан чыгарылды, 42 адам көз жумду.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума