06:23
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Москва-Бишкек каттамы. Мекенине кетүү үчүн айрым мигранттар акча беришкен

Москвада белгисиз жаран, Кыргызстанга кетип жаткан жарандардын тизмесине киргизем деп кыргыздарга убада берип, акчаларын алып, дайынсыз жоголуп кеткен. Бул тууралуу Кыргызстандын Россия Федерациясындагы элчилиги билдирди.

Маалым болгондой, алдамчы киши анын тууганы дипломатиялык миссияда иштейт деп ишендирген.

«Шылуундардын иш-аракетинен улам Кыргызстандын үч жараны 54 миң рубль акча жоготушкан. Тергөө иштери жүрүп жатат», — деп билдирет элчилик.

Ал эми айрым активисттер диаспора үчүн жарандарды өз мекенине жөнөтүүгө бөлүнгөн квоталарды колдонуп, ортомчулук кызматтары үчүн белгилүү бир акы алганы тууралуу айрым кыргызстандык уюмдарга мигранттардан арыз келип түшкөн.

«Бардык аныкталган фактылар боюнча кылдат иликтөө жүргүзүлөт. Кыргызстанга жөнөтүү үчүн тизмеге киргизүүгө байланыштуу бардык коррупциялык аракеттерга катуу чара көрүлөт жана күнөөлүүлөр Россия Федерациясынын мыйзамдарына ылайык жоопко тартылат», — деп кошумчалады.

Эң көп окулган жаңылыктар