03:37
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Бишкектин Толстой көчөсүндө мотоцикл күйүп кетти

Бишкек шаарынын Толстой көчөсүндө мотоцикл күйүп кетти. Бул тууралуу Патрулдук милициянын кызматкери 24.kg агенттигине маалымдады.

Анын айтымында, окуя бүгүн саат 9:00 чамысында болгон. Айдоочу мотоциклди башкара албай калып соода түйүндүн тушунда жыгылган, ал эми мотоцикл өрттөнүп кеткен. Кырсыктан жабыркаган айдоочу Бишкек шаарындагы Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда жеткирилген.

Эң көп окулган жаңылыктар