05:00
USD 87.45
EUR 99.18
RUB 1.10

Тогуз-Торо районунда жүк ташуучу унаа өрттөнүп кетти

Тогуз-Торо районунда жүк ташуучу унаа кетип бара жаткан жеринен өрттөнүп кетти. Бул тууралуу ӨКМ 24.kg агенттигине маалымдады.

Маалым болгондой, бүгүн Тогуз-Торо районунун Сары-Булуң айыл аймагында саат 16:20да жүк ташуучу унаа жүрүп бара жаткан жеринен өрттөнгөн. Окуя болгон жайга өрт өчүргүч кызматы барган.

Сары-Булуң айыл тургундарынын айтуусу боюнча унаа кытай компаниясыныкы жана ал бош болгон.

Өрт эмнеден улам чыккандыгы такталуда.

Эң көп окулган жаңылыктар