06:31
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

ИИМ: Үй-бүлөлүк зомбулукту жоюу үчүн балага татыктуу тарбия бериш керек

Үй-бүлөлүк зомбулукту жок кылуу үчүн балдарды тарбиядан баштоо керек. Бул тууралуу «Ата-Мекен» парламенттик фракциясынын жыйынында ИИМдин орун басары Алмазбек Орозалиев билдирди.

Анын айтымында, 2020-жылдын башынан тартып үй-бүлөлүк зомбулукка кабылгандардын саны 2019-жылга салыштырмалуу 18 пайыз өскөн. Зомбулуктун курмандыктары болгон 14 жабырлануучунун денесине оор зыян келтирилген.

«Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукту жоюу үчүн жазалоо ыкмасы жетишсиз, биз балдарыбызга жеткиликтүү тарбия беришибиз керек», — дейт Алмазбек Орозалиев.

Ал үй-бүлөлүк жаңжал болуп жатса кошуналары аралашпоого аракет кылышаарын кошумчалады.

«Эгер ыйлабаса, кыйкырбаса, кошуналары маани бербейт, чалбайт дагы», — дейт ал.

Укук коргоочулардын маалыматы боюнча, үй-бүлөлүк зомбулук тизмесинде жалпы 4 миң 450 адам бар.

Эң көп окулган жаңылыктар