Орозбеков көчөсүндөгү жол кырсыктан жабыркаган дарыгерлердин бардыгы баш мээсинен жаракат алышкан. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриядан билдиришти.
Тез жардам унаасынын ичинде төрт адам болгон: дарыгер, эки медайым жана айдоочу.
«Медайымдардын бири жандандыруу бөлүмүндө жатат, абалы оор. Ал көкүрөгүнөн, курсагынан жана баш мээсинен жаракат алган», — деп берилет маалыматта.
Эске сала кетсек, бүгүн чакыруу боюнча тез жардам унаасы кызыл күйүп турганда өтүп бараткан. Жүк ташуучу унаа келип сүзгөндө светофорго барып кептелип калган.