09:57
USD 84.80
EUR 101.18
RUB 1.12

105 депутаттын макулдугу менен жаңы өкмөт дайындалды

Жогорку Кеңеште бүгүн Кубатбек Бороновдун премьер-министрликке койгон талапкерлигин талкуулашты.

Министрлер кабинетинин курамына жетекчилик кылуу кызматына талапкер Кубатбек Бороновду 105 депутат колдоду.

Жанар Акаев менен Наталья Никитенко Кубатбек Бороновго каршы баскычын басышкан.

Спикер Дастанбек Жумабеков жаңы премьер-министрди кызмат орду менен куттуктап, ийгилик каалады. Ал премьер-министрлик кызматына чон ишеним жана үмүт артылганын белгиледи.

«Мен сизге ийгиликтерди каалайм. Сизге чоң жоопкерлик артылды. Сиз демократия жолу менен таза шайлоо өткөрүп жана баардык депутаттарга бирдей мамиле кылышыңыз керек», — дейт спикер Дастанбек Жумабеков.

Ал эми Кубатбек Боронов ишеним арткандары үчүн депутаттарга ыраазычылык билдирди.

«Биз ак иштөө үчун баардык күчүбүздү жумшайбыз. Элдин баардык мүдөөсүн аткарабыз», — дейт Кубатбек Боронов.

Эң көп окулган жаңылыктар