02:23
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Бишкекте Байтик баатыр көчөсүндө унаа менен мотоцикл сүзүштү

Бишкекте жеңил автоунаа менен мотоцикл сүзүшкөн. Бул тууралуу 24.kg агенттигине калаанын патрулдук милиция башкармалыгынан маалымдашты.

Маалыматка караганда, жол кырсык кечээ болжол менен саат 21:40да Байтик Баатыр көчөсүндө болгон. Toyota үлгүсүндөгү унаанын 26 жаштагы айдоочусу түндүк тарапта бара жаткан. Ал солго бурулганда 21 жаштагы мотоциклдин айдоочусун сүзүп кеткен. Натыйжада кырсыктан эки адам жабыркады, бири мотоциклдин айдоочусу болсо, экинчиси анын жүргүнчүсү. Аларды ооруканага жеткиришкен.

Toyota автоунаасына айып жазылып унаа токтотуучу жайга токтотулду. Факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүу реестрине катталды. Иликтөө иши жүрүп жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар