19:49
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Кыргызстанда Кореядан үч жаран кайтып келди

Кыргызстанга Кореядан үч жаран кайтып келди. Бул тууралуу ТИМден кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кыргызстандыктар казакстандык Air Astana авиакомпаниясынын чартердик аба каттамы аркылуу Эл аралык Алматы аэропортуна конушкан. Ал жактан Саламаттыкты сактоо министрлигинин кызматкерлеринин коштоосу менен Бишкекке алынып келинди.

Кореядан келген кыргызстандыктар обсервацияга жайгаштырылып, атайын медициналык процедурадан өтүшөрү белгилүү болду.

«Мекендештерибизди чет өлкөдөн Кыргызстанга кайтарып алуу үчүн мүмкүн болгон баардык чаралар көрүлүүдү», — деп билдирди ТИМ.

Эске сала кетсек, бир жума мурун Кореядан 12 кыргызстандык алынып келинген.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума