19:01
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Нарын дарыясына боюн таштаган энени куткарып калган эки жаран сыйланды

Нарын дарыясына боюн таштаган 78 жаштагы энени куткарып калган милиция кызматкери менен жергиликтүү тургун Нарын облустук ИИБ тарабынан сыйланды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, ИИБнын өздүк курамынын катышуусунда милициянын сержанты Жаныбек Асанбековго жана жергиликтүү тургун Жыргалбек Шакеналиевге Ардак грамота тапшырылды.

Эскерте кетсек, аты аталган жарандар 10-апрелде Нарын дарыясына боюн таштаган 1940-жылы туулган Нарын шаарынын К.И. аттуу тургунун куткарып калышкан.

Эң көп окулган жаңылыктар