16:12
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Ысык-Көлдө уурулук боюнча мурда катталган 16 кылмыштын бети ачылды

Өздүк мүлктү уурдоо менен байланышкан кылмыштын бетин ачуу жана алдын алуу максатында Ысык-Көл облусунун аймагында 26-мартынан баштап «Ууру» операциясы өтүүдө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Тартылган күчтөр жана каражаттар менен бир күндүн ичинде мурда катталган 15 уурдоо, 1 алдамчылыктын бети ачылды. Андан тышкары 1 оор кылмыштын бети ачылды.

Ысык-Көл облустук ИИБнын жана Каракол шаардык ИИБнын ыкчам кызматкерлери тарабынан автоунаалардын эшигин бузуп ачуу жолу менен баалуу буюмдарды уурдаган кылмыш топ кармалды.

Шектүүлөр эч жакка кетпөө тил катында калтырылышып, күнөөлөрүн толугу менен мойнуна алышты. Далил зат катары уурдалган буюмдар алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси (Уурдоо) менен кылмыш иши козголду.

Эң көп окулган жаңылыктар