05:33
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Актриса Албина Имашова көз жарды

Актриса Албина Имашова 10-июнда № 4 төрөтканада үчүнчү кызын жарык дүйнөгө алып келди. Бул тууралуу Албина Имашова Instagram баракчасы аркылуу сүйүнчүлөдү.

Маалыматка ылайык, Албина Имашова менен Арнис Кыдырмышев үчүнчү ирет кыздуу болушту. Учурда № 4 төрөтканада.

«Урматтуу менин инстадосторум, бири- бирибиздин жакшылыгыбызды тең бөлүшкөн асыл адамдар. Сиздерге чоң рахмат! Каалоо-тилектер орундалсын! Ооба, жолдошум Арнис Кыдырмышев экөөбүздүн үй-бүлөбүздө дагы бир наристе төрөлдү. Кырк жылыкылуу болдук. Абдан сүйүнүп турган чагыбыз. Сүйүнчүлөгөнгө жетишпей калыптырмын. Айнура Салахидинова досум айтмакчы кудай буюруса уул дагы болот. Пенденин оозунда болсо — Алланын кулагында дейт. Эң негизгиси оору-сыркоодон алыс болсун!»-деп жазган.

Эске сала кетсек, Актриса Албина Имашова менен жолдошу актёр Арнис Кыдырмышев театрда чогуу иштешет.

Эң көп окулган жаңылыктар