06:48
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Сүйүнчү алууга сегиз ата-энеден арыз түштү

6-февралдан тарта Мамлекеттик каттоо кызматынын аймактык бөлүмдөрү бала төрөлгөндө бир жолу гана берилүүчү сүйүнчү пулду алуу үчүн арыздарды кабыл ала баштады.Бул тууралуу МКК билдирет.

Алардын маалыматында, кечээ 8 кайрылуу түшкөн. Сүйүнчү алуу үчүн кагаздарды азырынча Мамлекеттик каттоо кызматы кабыл алат. Кийин ал Эмгек жана социалдык өнүгүү министрине өткөрүлүп берилет.

Эскерте кетсек, сүйүнчүнү 2018-жылы жарык дүйнөгө келген балдардын ата-энелери ала алышат. Ал бир жолу гана берилет. Наркы 4 миң сом.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума