02:45
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Депутат ымыркайларга сүйүнчү акча төлөнбөй жаткандыгын айтып нааразы

Кыргызстан социал-демократтар фракциясынан депутат Аида Касымалиева өлкөдө жөлөк пул берүүдөгү коррупциялык иштер уланып жаткандыгын айтты. Мындай пикирин эл өкүлү бүгүн, парламенттин жалпы жыйынында билдирди.

Депутат Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги буга чейин ымыркайларга төлөнүүчү сүйүнчү акча боюнча арыздар электрондоштуруларын маалымдап, төлөө шарты жөнөкөйлөшө тургандыгын айтып мактанышкан.

"Иш жүзүндө эч нерсе жасалган жок. Мага ат энелер чалып жатат. 4 миң сом алыш үчүн бир топ жерге кайрылууга аргасыз болуп жатышкандарын айтты. Алардан 500 сом, күбөлүк үчүн 100 сом талап кылып жатышыптыр. Электрондук форматта иш жүргүзүлгөн жок. Ата-энелер арызды жазуу түрүндө алып барып тапшырып жатышат",- деди депутат.

Депутат 15-февралга карат 327 үй бүлө сүйүнчү алгандыгын кошумчалады.

Эскерте кетсек, жөлөк пул алуу үчүн баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү, ата-энесинин паспорту жана жашаган жеринен маалым кат талап кылынат.

Эң көп окулган жаңылыктар