20:09
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Чек ара жаңжалынан жаракат алган жаран көз жумду

Бүгүн кыргыз-өзбек чек ара чырында жаракат алган Кадамжай районунун Чечме айылынын тургуну Айтбай Акынов көз жумду. Бул тууралуу 24.kg агенттигине анын туугандары билдиришти.

Алардын айтымдарында, Айтбай Акынов жаракат алгандан кийин 31-майда Айдаркендин ооруканасына жаткырылган.

«31-майда, айылдагылар биригип булакта ишембилик өткөрүп жатышканда Айтбай Акынов аларга тамак алып барган. Ушул учурда жаңжал башталган. Жаракат алгандан кийин ал дарооо окуя болгон жерден өзүнүн унаасы менен кете алган эмес. Ал жерден ооруканага кеч алып барышкан. Ал эми ооруканадан ал инсульт алганын тастыкташкан. 10 күн комада жатып бүгүн каза болду», — деп айтышат туугандары.

Маркум 49 жашта болчу, анын артында үч баласы калды.

Эске сала кетсек, өзбек-кыргыз чек ара чыры 31-майда эки тараптын «Чечме» булагын талашуусунан улам келип чыккан. Талаш-тартыштан улам алар бири-бирине таш ыргытып, кырдаал курчуп кеткен. Жалпы 25 кыргызстандык ооруканага кайрылган.

Эң көп окулган жаңылыктар