06:34
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Медиктердин айлыгы 4 миңден аз. Депутат муну шылдыңдагандык деп атады

Депутат Дастан Бекешов дарыгерлердин айлыгын көтөрүүнү талап кылды. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин бюджеттин резоляциясынын долбоорун талкуулоодо билдирди.

Анын айтымында, орточо эсеп менен дарыгерлер 3 миң 900дөн 10 миң сомго чейин алышат.

«Силер шылдыңдап жатасыңарбы? Каражат топтоп алардын айлыгын көтөрүш керек. Дарыгерлер-эң социалдык аялуу кесиптердин бири», — дейт ал.

Депутат Дастан Бекешов кошумчалагандай, доктурлар коронавирус жуккан учурда, ооруканадан чыккандан кийин күбөлүктө COVID-19 эмес, башка өпкө оорулары көрсөтүлгөн деп даттанышат.

Буга карай Каржы министрлигинин өкүлдөрү бул жөнүндө эч нерсе билишпегенин жана компенсация төлөө боюнча иш уланып жаткандыгын билдиришти. Ошондой эле, дарыгерлерге бюджеттен акча бөлүнө баштаганын кошумчалап, алардын маянасы көтөрүлөт деп убада беришти.

Белгилей кетсек, ыктыярдуу салымдар үчүн эки эсеп ачылган. Биринчиси — Саламаттыкты сактоо министрлиги алдында, жалпы 138 миллион сом чогулган, алардын көпчүлүгү компенсацияга кеткен. Экинчи эсеп Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинде ачылып, 17 миллион топтогон.

Каржы министрлигинин эсебинде 133 миллион сомду түзгөн. Апрель айында 10 миң 61 адам, май айында 9 миң 54 адам керектүү төлөмдөрдү алышкан.

Бүгүнкү күндө COVID-19 вирусуна чалдыккан 403 дарыгер текшерүүдөн өтүүдө. Комитетке чакырылган Саламаттыкты сактоо министрлигинин кызматкерлери, дарыгерлер текшерүү аяктаган соң төлөмдөрдү ала башташат деп жооп берди. Мындан тышкары кошумча дагы 50 миллион сом бөлүнгөн. Бир миллион сом коронавирустун айынан каза болгон дарыгердин үй-бүлөсүнө берилди. Дагы бир миллион сомду кургак учук боюнча адистин үй-бүлөсүнө даярдап жатат.

Милиция кызматкерлерине үч эселенген сыйлык төлөө маселесин депутат Эльвира Сурабалдиева көтөрүп чыкты.

«Алар эки айдан бери акчаларын ала албай жатышат. Кайрылууларга жооп катары укук коргоо органдарынын кызматкерлери Финансы министрлиги акча бөлбөй жатат деп угушуптур», — деди ал.

Каржы министрлигинин кызматкерлери, милицияларга айлык катары 420 миллион сом бөлүнгөн жана баары айлыктарын алышат деп жооп беришти.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума