17:24
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

«Бишкек жашыл чарбасынын» жетекчиси Эльнура Жолдошева кызматынан кетти

«Бишкек жашыл чарба» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Эльнура Жолдошева кызматынан четтетилди. Бул тууралуу 24.kg агенттигине өз булактарынан маалым болду.

Ал кызматынан кетүү арызын жазды.

Мэриянын басма сөз кызматы бул маалыматка жооп берүүдөн качып, тийешелүү буйрукту көрө электигин билдирди.

Эльнура Жолдошева ишкананы 2018-жылдын 1-октябрынан бери жетектеп келген. Ага чейин ал «Бишкек жашыл чарбасынын» башкы агроному болуп иштечү.

Эң көп окулган жаңылыктар