02:31
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Жогорку Кеңеште эки жаңы депутат пайда болду

Жогорку Кеңештин депутаттарынын катарына эки жаңы депутат кошулду. Бүгүн Замирбек Эсенаманов жана Бейшеналы Нурдинов ант беришет.

Алар парламентке мурунку депутат Руслан Чойбеков менен Алмазбек Баатырбековдун ордуна келишти.

Белгилей кетсек, буга чейин «Кыргызстан» фракциясынан Жаныбек Исаев жана Алмазбек Эргешев чыгышкан. Алардын ордуна Жогорку Кеңешке өлкөнүн эң бай адамдарынын бири, ишкер Шаршенбек Абдыкеримов жана АКК жетекчисинин мурдагы орун басары Жаныбек Жоробеков келген.

Эң көп окулган жаңылыктар