Балыкчыда коронавируска чалдыккан дагы бир адам үй каарнтинге чыгарылды. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, коронавирус аныкталган 25 жаштагы жаран Москвадан Кыргызстанга 4-майда келген. Алгач экспресс-тесттин жыйынтыгы боюнча таза чыккан, бирок кийинчерээк ПЦР-анализдин жыйынтыгында коронавирустун симптомдору аныкталган. Аны обсервациядан Балыкчыдагы шаардык инфекциялык бөлүмүнө которушкан.
«Бүгүн ПЦР-анализдин жыйынтыгы жакшы чыгып, саламаттыкты сактоо кызматкерлердин көрсөтмөсү менен үй карантинге чыгарылды. Буга чейин Ысык-Көл облусу боюнча коронавируска чалдаккандардын саны 14 болсо, баары вирусту жеңип үйлөрүнө чыгарылган», — дейт басма сөз кызматкери.
Кыргызстан боюнча COVID-19 вирусуна чалдыккандардын саны 1 миң 871ге жетти. Анын ичинен 1 миң 265 жаран айыгып, 20 бейтап көз жумду.

