08:59
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Жыштык сатуу чыры. Жанар Акаев премьерге ыңгайсыз суроолорду берүүнү улантууда

Жогоку Кеңештин депутаты Жанар Акаев, өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев «Билайн» компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Ерлан Оспанов жана Кыргызстандагы өкүлү Евгений Каражан менен жолуккандыгын жазып чыкты. Бул тууралуу ал Facebook баракчасына маалымдаган.

Депутат Жанар Акаевдин айтымында, өкмөт башчы менен уюлдук компаниянын жетекчилери жолугушууда радио жыштыгынан башка эмнени талкуу кылышмак эле?

«Жакында эле казактардын «Верный капитал» инвестициялык компаниясынын негиздөөчүсү, «Билайн» компаниясынын негиздөчүлөрүнүн бири Ерлан Оспанов жана Кыргызстандагы уюлдук оператордун өкүлү Евгений Каражан, Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугушту. «Билайн» компаниясынын башчылары өлкө башчы менен жыштыктан башка кандай теманы талкуулашмак эле. Эмне үчүн бул жолугушуу тууралуу коомчулукка айтылган жок. Өкмөт башчы иш учурунда кандай иш алып барууда, кимди кабыл алып, кимге жолугуп жаткандыгы тууралуу элге ачык маалымат берилиши керек да. Жолугушуунун протоколун элге тааныштырыңыз, коомчулук эмне талкууланып жатканын билсин. Билайндын өкүлдөрү төө бурчак же футболду талкуулашкан эмес чыгар. Эмне үчүн өкмөт башчы жыштыктарды аукционсуз жана бекер алган бул компаниянын өкүлдөрүн кабыл алды", - деп жазган депутат Жанар Акаев.

Радио жыштыгын сатуу боюнча бир нече чуулгандуу кылмыш иштери ачыкка чыккандыгы баарыбызга маалым.

Бул иш боюнча Мамлекеттик байланыш агенттигинин мурдагы жетекчилигине жана УКМК кызматкерлерине айып тагылган. Тергөөнүн маалыматына ылайык, Мамлекеттик байланыш агенттигинин жетекчилиги Технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин кызмат адамдары менен макулдашып уюлдук байланыш операторлорунун бирине стандарттык өзгөртүүлөргө байланыштуу мыйзамсыз лицензия алып бергени ачыкка чыккан. Башкы көзөмөл кызматы бул келишим мамлекетке олуттуу зыян келтирди деп эсептейт. Чатак башталган соң, министрлер кабинетинин башчысы бул ишке байланыштуу кысым болбосун деп өз эрки менен эс алуу өргөөсүнө чыгып кеткен.

Эң көп окулган жаңылыктар