20:03
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

Үй-бүлөлүк зомбулук. Карантинде зулумдан кордук көргөндөр

Кыргызстанда карантин жана изоляция учурунда үй-бүлөлүк жаңжал, ошондой эле зордук-зомбулуктун саны кескин түрдө көбөйдү. Мындай учурда көбүнчө аялдар басынтууга жана ур-токмокко чыдоого аргасыз болушат.

Чыр-чатакка ар кандай себеп табылат: кечки тамакты жакшы бере албадың, идиш-аякты жуубадың, тамактын тузун өткөрүп жибердиң... Апалары менен бирге балдар дагы жапа чегип, төрт дубалдын ичинде барымтага алынган адамга айланат.

24.kg агенттиги мындай кырдаалда кимден жардам күтсө болору жана зомбулуктун курмандыктары эмне үчүн милицияга кайрылбастыгын териштирип көрдү.

Кечирүү, жазалоо мүмкүн эмес

Кээ бир мекендештерибизге 24 саат бою үй-бүлөсүнүн маңдайында отуруу оңойго турган жок. Айрым жумушчулар эмгек акысыз өргүүгө чыкса, айрымдары таптакыр жумушсуз калып, киреше булагынын кыскарганы абалды ого бетер курчутту. Бул кырдаал алардын эмоционалдык абалына таасир этти. Карантин учурунда жубайы менен балдарына ачууланып, кыжырдануу кадимки көрүнүшкө айланды да калды.

Милиция кызматкерлеринин расмий маалыматтарына караганда, 2020-жылдын январынан мартына чейин үй-бүлөлүк зордук-зомбулук боюнча 2 миң 319 кайрылуу катталган. Апрель жана мартта канча кайрылуу болгондугу азырынча белгисиз. Бирок, алдын ала айтылган маалыматтарга караганда, саны өскөндүгү байкалган.

Көпчүлүк учурда аялдар жазган арыздарын кайра алышып, тосмо арыз жазып беришет

32 жаштагы Назгүл (аты өзгөртүлдү) дал ушундай кадамга барган. Назгүлдүн окуясы ММКда кеңири чагылдырылган. Анын жолдошу, президенттик аппараттын мурунку кызматкери, карантин учурунда бир нече ирет жубайына кол көтөргөн. Басынтууга чыдабаган аял милицияга кайрылат. Бирок, көп өтпөй арызын кайра алат.

«Назгүл тоголок жетим, билимсиз жана жумушсуз. Ал жолдошу менен ажырашкандан коркуп жүрөт. Себеби «кетсең сени эч нерсеси жок калтырам. Алардын биргеликте алган эч кандай мүлкү жок. Баш кошкондоруна 5 жылдын гана жүзү болду. Ортолорунда 1 кызы бар. Назгүлдүн айтымында, алар жашап жаткан батир күйөөсү бойдок кезинде эле атасынан мураска калган экен. Үй ээси ичкиликке жакын жана жубайына кол көтөрөт», — деп жабырлануучунун жакындары 24.kg агенттигине билдиришти.

Назгүл жолдошунун таасирдүү туугандарынан коркуп, арызын кайтарып алганын айтышат.

Чыдоонун акыркы чеги...

Айсулуу көп жылдар бою жолдошунун ур-токмогуна чыдап келген. Бир ирет ал мындай абалга чыдабай, күйөөсүнө бычак сайган. Бул үчүн Айсулуу КРнын Кылмыш жана Жаза кодексинин «Адам өлтүрүү» беренеси боюнча айыпталган. Айыпталуучунун жана анын жактоочусунун өзүн-өзүн коргоо жүйөөлөрү тергөө жана сот тарабынан эске алынган эмес.

Жактоочу Назира Абдумуминованын айтымына караганда, Кыргызстанда үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун курмандыктарынын иш-аракеттери оор кылмыш катары каралат.

Милиция аялдын эмне үчүн мындай кадамга барганын иликтеген эмес. Жабырлануучунун аффект (өзүнүн иш-аракетин башкара албай калуу) абалында болгону дагы эске алынбаган.

Асел жолдошу Нурлан менен 18 жыл чогуу жашаган. Бирок, ал жылдардын көбү ичкилик, кызгануу жана үй-бүлөлүк жаңжал менен өткөн. Ур-токмоктун айынан аял ден-соолугунан айрылып, акыркы эки жылдан бери үйдө отурган. Акыркы ирет жолдошу ичип келип жубайы менен кызына асылганда Асел чыдабай кетип Нурланга бычак сайып жибергенин билбей калган.

«Кээде үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун курмандыгы болгон адамдын чыдамы, күчү чегине жеткенде, өзүн-өзү коргоп жатып кокусунан кылмышкер аталып калат. Аял өзүн же болбосо баласын коргоо максатында, жолдошуна же чогуу жашап жаткан адамга залал келтириши мүмкүн. Ал бул кадамга аны өлтүрүү үчүн барбайт. Бирок, укук коргоо органдары муну атайын жасалган кылмыш катары карашууда», — дейт Назира Абдумуминова.

Каякка кайрылуу керек?

Юристтер зомбулукка кабылган адамдарды алгач, милиция кызматкерлерине арыз менен кайрылуу кеңешин беришет. Аялдардын коопсуздугун алдын алуу максатында, укук коргоо кызматкерлери коргоо ордерин берүүгө милдеттүү. Ал эми кеп-кеңеш алуу үчүн 111 жана 112 кызуу линияларына бардык учурда кайрылса болот.

Аталган линиянын кызматкерлери юридикалык жактан гана эмес психологиялык жаатта дагы кеңеш беришет. Ошондой эле кызматтын мобилдик тиркемесин көчүрүп алса да болот.

Көпчүлүк учурда зомбулукка кабылган адамдын барар жери жок болот. Карантинге чейин аялдар кризистик борборлого кайрылышчу. Ал жакта психологиялык жактан жардам беришип, андан ары эмне кылуу керектиги тууралуу кеңеш беришет. Эң башкысы жабырлануучуларды убактылуу жашоочу жай менен камсыз кылышчу. Ал эми өзгөчө кырдаалдар учурунда, бардык кризистик борборлор жабылып, зомбулуктун курмандыктары өздөрүнүн маселелери менен бетме-бет калышты.

Көчөдө калуу тобокелдиги

Айрым зомбулуктун курмандыктарын күйөөлөрү көчөгө кууп чыгышат. Же болбосо аялдар акыркы күчүн жыйнап өзүлөрү үйдөн чыгып кетишет. Бирок, кайда баруу керек? Жайгаштыруу маселеси боюнча активисттер дагы аракет кылып жатышты.

Уюмдар иштебейт. Колунда жаш балдары бар аялдарды кайда алып баруу керек?

Кризистик борбордун ассоциациясынын консультанты Азамат Аттокуровдун айтымында, зомбулуктун курмандыктары социалдык тармактардан жана тааныштар аркылуу табылган убактылуу жашоочу жайларга жайгаштырылган.

«Зомбулукка кабылган аялдарды жаңы конуштардан алып кетип, мүмкүн болгон жерлерге жайгаштырып жаттык. Шаардык баш-калкалоочу жайлар аялдарды кабыл албай коюшту. Чалуулар абдан көп болгондуктан, эң оор абалдагыларды гана алып кетүүгө туура келди», — дейт Азамат Аттокуров.

Жабырлануучу аялдарды түз мааниде эле эвакуациялоого туура келди. Күйөөсү жумуштары менен көчөгө чыгып кеткенде, аялдар балдары менен качып чыгып жатышты.

Азамат Аттокуров.

Пандемия учурунда консультанттарга блокпосттор жана өткөрмө кагазы боюнча маселе жаралды. Айрым укук коргоо кызматкерлеринин бири абалды түшүнүү менен караса, бири таптакыр өткөрбөйт.

Колуң менен кылганды моюнуң менен тарт!


Зулум кишилерди жоопко тартуу кыйынга турат. Баары жаңы мыйзамга барып такалат. Үй-бүлөлүк зордук-зомбулук беренеси Жоруктар кодексине которулган. Ага ылайык айып пул төлөп жазадан кутулуу мүмкүн.

Көпчүлүк учурда жабырлануучулар жазган арызын кайра кайтарып алышат же болбосо жазуудан баш тартышат.

Активист Азамат Аттокуровдун айтымында, ар бир бешинчи жабырлануучу гана арыз жазуу чечимин кабыл алат. Ал эми кээде зулум күйөөлөрүнө кайтып барган учурлар да катталат.

«Баары аялдардын сексуалдык, финасылык жана юридикалык сабаттуулуганан көз каранды. Зомбулукка кабылгандардын көбү —билимсиз жана иш тажрыйбасы жок көп балалуу энелер. Алардын бараар жери жок болгондуктан ур-токмокко чыдоого аргасыз. Дагы бир себеби туугандардын ажырашууну уят көрүнүш катары баалаганы», — дейт Азамат Аттокуров.

Кенебестиктин аягы өкүнүч...

Жабырлануучулардын айтымында, жолдошунан кетүүгө финансылык маселеден сырткары туугандардын айыптоосу жолтоо болот.

Көбүнчө аялдар кырдаалдын туткунуна айланып, психологиялык жактан кетүүгө даяр эмес болушат. Жолдошу жубайына дароо эле кол көтөрө баштабайт. Алгачкы айларда, жада калса көп жылдар бою кынтыксыз жашоодо жашагандай сезилет. Үй-бүлө заалымдары өтө камкор жана аялдарын жубатууга жөндөмдүү келишип, кийинки жаңжалга чеийн идеалдуу күйөө макамына ээ болуп жүрө алышат.

«Бир аз чыдасам, баары өтүп кетет», — деп чыдап жүргөн аялдардын тагдыры трагедия менен аякташы мүмкүн.

«Үй-бүлөлүк зомбулуктун 80 пайызы спирт ичимдиги менен байланыштуу. Айрым эркектер ичкилик ичкенде, аялынын ар бир кыймылынан кыйкым табууга аракет кылышат. Баары түртүүдөн жана жакка чабуудан башталат. Андан ары кырдаал курчуй баштайт. Туугандардан жардам суроо пайдасыз. Аялдын ата-энеси жана жакындары жолдошу менен жараштырууга далалат кылышат. Колдоо таппаган адам жумуш дагы таба албайт», — дейт ал.

Күйөөсүнөн таяк жеген аялдар көбүнчө ачуусун балдарынан чыгарган учурлар кездешет.

Зомбулуктан кутулуу жолу

Эксперттер белгилегендей, кырдаалдан чыгуу үчүн жабырлануучулар 6 айдан 1 жылга чейин созулган калыбына келтирүүнүн бир нече баскычтарынан өтүү зарыл.

Эксперттердин айтымында, эң оор бул-адам өзүндөгү коркууну жеңүү.

«Күйөөсүнүн жардамысыз ал өзүнүн жана балдарынын келечегинен кооптонот. Бул арада туугандарынын жана күйөөсүнүн коркутуп чалуулары кайра үйүнө барууга аргасыз кылат», — дешет психологдор.

Алар бул кырдаалда жумуш менен алектенип, балдарга тарбия берүү кеңешин беришет.

Карантин эртедир-кечтир бүтөт. Баары өз ордуна келет. Зулум адам менен жашоону улантуу керекпи? Же ажырашуунун саны кескин түрдө өсөбү?

Эң көп окулган жаңылыктар