15:14
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Гендердик зомбулук. Бейөкмөт уюмдар, жергиликтүү органдар чогуу иштеши керек

Гендердик зомбулук менен бейөкмөт уюмдар, кризистик борборлор жана өзүн-өзү башкаруу органдары биргелешип күрөшүүсү керек

Ар бир үчүнчү аял физикалык же психологиялык зомбулуктун курмандыгы. Ооба, пандемия жана анын кесепеттери гендердик теңчилик жаатын да бир топ артка тартты.

Пандемияга байланыштуу Кыргызстандын бир катар аймактарында өзгөчө кырдаал киргизилгенде, үй-бүлөлүк зомбулукка кабылгандардын саны мурунку жылга караганда 60 пайызга өскөн.

Аялдар негизинен өз өнөктөшү — жубайы тарабынан запкы жейт. Жана эң өкүнүчтүүсү, мындай көрүнүштөргө коом да, айрым учурларда укук коргоо органдары тарабынан да үй-бүлөнүн ички иши катары мамиле жасалат.

Бул жааттагы укук коргоо органдарынын ишин жакшыртуу максатында кыргыз делегациясы Казакстанда тажрыйба алмашуу сапары менен болуп кайтты. Сапар учурунда Кыргызстандын ИИМ өкүлдөрү жана ИИМ Академиясынын окутуучулары Казакстандын ИИМ бөлүмдөрүндө болуп, кризистик борборлордун иши менен таанышышты.

Фото ИИМ Академиясынын жетекчисинин орун басары Арзыгүл Жоробекова

«Аялдарды зомбулуктан коргоо боюнча бөлүмчөлөрдүн ишмердүүлүгү өтө чоң кызыгууну жаратты, алардын криминалдык полиция, тергөө органдары, ювеналдык полиция жана аялдар иштери боюнча Комиссия менен биргелешип иш алып барганы кызык болду. Казакстан үй-бүлөлүк жана сексуалдык зомбулук учурларына карата полиция кызматкерлеринин туура реакция кылуу боюнча түштук-кореялык методиканы өздөштүрүп жатыптыр, бул тажрыйба да биз үчүн абдан маанилүү болду. Атайын тренингден өтүп, казакстандык кесиптештерибиз иштеп чыккан үй-бүлөлүк жана сексуалдык зомбулукка каршы аракеттенүү боюнча окуу программасын изилдеп чыктык. Биз атайын курсту иштеп чыгууда бул материалдардын баарын эске алабыз», — дейт КРнын ИИМ Академиясынын жетекчисинин орун басары Арзыгүл Жоробекова.

Мамлекеттик колдоонун зарылдыгы

Үй-бүлөлүк жана сексуалдык зомбулукка кабылган аялдар менен иштөө боюнча Түштүк Корея полициясынын тажрыйбасына негизделип иштелип чыккан курс Казакстандын ИИМ Академиясында окутулат. 2017-жылдан бери БУУӨП Казакстан бул өлкөнүн ИИМи менен тыгыз кызматташып, гендердик зомбулук учурларына туура мамиле кылуу боюнча полиция кызматкерлеринин билим деңгээлин жогорулатуу боюнча аракеттер жүрүп келет. Милициянын полковниги Арзыгүл Жоробекованын айтымында, эки өлкөнүн окшоштуктары арбын. Ошондуктан, биргелешип иш алып баруу натыйжалуу болот дейт ал.

«Анализ көрсөткөндөй, Кыргызстан менен Казакстандын укук жаатында аялдарга карата зомбулуктарга байланыштуу көп окшош учурлар бар. Ошондуктан, сунушталып жаткан методдор менен тажрыйбалар бири-бирине дал келет. Эки өлкөнүн тең тажрыйбасын ала турган болсок, бейөкмөт уюмдар, кризистик борборлор, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары менен тыгыз иштешүү абдан маанилүү. Ошондой эле, биздин көйгөйлөрүбүз да окшош: маселен, милиция органдарына ишенимдин жоктугу, зомбулукка кабылгандарга ар тараптуу жардам көрсөтүү системасынын жакшы өнүкпөгөндүгү», — дейт ал.

Казакстанда кризистик борборлорго болгон мамлекеттик колдоонун өтө жогору деңгээлде экени катуу таасир калтырды. Мындай борборлордо үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккендерге комплекстүү колдоо көрсөтүлөт экен: медиктер, психологдор, юристтер жана балдар үчүн тарбиячыларга чейин.

Арзыгүл Жоробекова

Гендердик зомбулукту биргелешип жеңүү аракети

Теңдик Нуру демилгеси — бул Европа биримдиги менен БУУнун аялдарга карата зомбулуктун бардык түрүн жок кылуу боюнча көп жылдык глобалдык өнөктөштүгү. Программа 2030-жылга чейинки планына ээ. «Теңдик нуру демилгеси» регионалдык программасынын алкагында Борбор Азия жана Афганистанда мыйзамдык база, саясат жаатындагы кемчиликтер жоюлуп, гендердик теңчилик идеясы бекемделип жана запкы жегендерге сапаттуу кызматтар көрсөтүлүп келет. Иш аракеттер планындагы багыттардын бири гендердик зомбулук менен күрөштө тажрыйба алмашуу үчүн регионалдык укук оргоо органдарынын тармагын түзүү. Кыргызстандык делегациянын Казакстанга болгон иш сапарынын жүрүшүндө бул багытта алгачкы чыйыр жол салынды десе болот.

Эң көп окулган жаңылыктар