23:21
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Сот Асел Ногойбаеванын мурдагы күйөөсүн 20 жылга эркинен ажыратты

Сокулук райондук соту мурдагы аялы Асел Ногойбаеванын кулак-мурдун кескен Азамат Эстебесовду 20 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу 24.kg басылмасына жабырлануучунун адвокаты Индира Саутова билдирди.

Соттун чечими менен Азамат Эстебесов мурдагы аялына моралдык чыгым катары 2 миллион сом, мамлекетке 80 миң сом айып пул төлөп бериши керек.

Белгилей кетсек, мурунку күйөөсү тарабынан зомбулук көргөн Асел Ногойбаеванын иши боюнча сот процесси жабык режимде өттү. Буга чейин шектүү Азамат Эстебесов күнөөсүн мойнуна албай, ага жин кирип кеткенин айтып, ооруканага алып барууну суранган.

Соттук-медициналык жана психиатриялык экспертизанын корутундусуна ылайык, айыпталуучу акыл-эси жайында деп табылган.

Эске салсак, 20-сентябрда 36 жаштагы Асел Ногойбаева бычактан жаракат алып ооруканага түшкөн. Мурунку күйөөсү Азамат Эстебесов кулагын жана мурдун кесип салган. Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси «ден соолукка оор залал келтирүү» боюнча кылмыш иши козголгон.

Асел Ногойбаеванын үй-бүлөсү жана активисттер анын мурунку жолдошун өмүр бою эркинен ажыратууну суранышкан.

Эң көп окулган жаңылыктар