12:50
USD 89.12
EUR 94.98
RUB 0.95

Жумгал районунун 54 жаштагы тургуну өзүнүн кызын 2 жыл зордуктап жүргөн

Нарын облусунун Жумгал районунда 54 жаштагы тургун өзүнүн 13 жаштагы кызын зордуктап жүргөн. Бул тууралуу Нарын ОИИБи маалымдады. 

Шектүү 2010-жылы жубайын өлтүргөн деп айыпталып, 16 жылга эркинен ажыратылган. Анын 5 баласын энеси чоңойтуп келген. Абактан чыккандан кийин балдарын кайра өз кароосуна алган.  Төрт баласы шаарда болуп, 13 жашар кичүү кызы гана атасы менен жашап келген. 

Өспүрүм быйыл гана жакындарына атасын аны зордуктап жүргөнүн айткан. Учурда кызга психологиялык жардам көрсөтүлүүдө. 

Эң көп окулган жаңылыктар