00:34
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Минкаб эмгек чөйрөсүндө зомбулук, ыдык көрсөтүүнү жоюу боюнча документти колдоду

Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети өз буйругу менен жумуш ордунда коопсуздукту жана теңдикти камсыз кылууга, зомбулуктун жана ыдык көрсөтүүнүн алдын алууга, адилеттүү жана коопсуз эмгек мамилелери үчүн шарттарды түзүүгө багытталган Эл аралык эмгек уюмунун № 190 Конвенциясына корутундуну колдоду.

Бул чечим кийинки ратификацияга карай маанилүү кадам болуп саналат жана Кыргызстандагы Тилектештик Борборунун колдоосу менен Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин, башка мамлекеттик органдардын, профсоюздардын жана жарандык сектордун төрт жылдык талыкпаган эмгегинин натыйжасы болуп калды. Акыркы үч жылдын ичинде маалыматтык кампаниялар, изилдөөлөр, үч тараптуу жолугушуулар жана талкуулоо үчүн аянтчалар уюштурулуп, өткөрүлгөн. Ошондой эле бул тематика боюнча видеороликтер тартылган.

«Бул маанилүү окуя жана биздин алдыбызда жыйынтыктоочу этап турат. Конвенцияны ратификациялоо жумуш орундарында зомбулук көрсөтүүгө каршы турууда маанилүү инструмент болот», деди Жогорку Кеңештин депутаты, Камила Талиева.

Азыркы учурда Министрлер Кабинетинин Конвенцияга берген корутундусу Жогорку Кеңешке ратификациялоо боюнча мындан аркы жол-жоболордон өтүү үчүн жиберилген. Бул кадам Кыргызстанды адилеттүү, коопсуз эмгек чөйрөсүн түзүүгө жана өлкөнүн бардык жарандары үчүн эмгек тармагында бирдей укуктарды камсыз кылууга жакындатат.

Эң көп окулган жаңылыктар