22:46
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Сексуалдык зомбулукка айыпталгандар эми пробацияга чыгарылбайт

Президент Садыр Жапаров 23-январда «Кылмыш-жаза кодексине, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамга кол койду, Мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш былтыр 7-декабрда кабыл алган.

Президенттин сайтына жарыяланган маалыматка ылайык, мыйзам жыныстык кол тийбестик жана жыныстык эркиндик укуктарын камсыздоо, ошондой эле өмүргө жана ден соолукка кылмыштуу кол салуулардан коргоого багытталат.

Мыйзам жыныстык кол тийбестикке каршы кылмыштардын жоопкерчилигин күчөтүү жана жабыркагандарга карата кайталанган кол салуулардан сактоону максат кылат.

Кылмыш-жаза кодексинин 57-беренесине, Жазык-процесстик кодексинин 24, 505, 507-беренелерине киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, оор кылмыштар боюнча (анын ичинде зордуктоо) тараптардын жарашып алуусу кылмыш ишин жана тергөөнү токтото албайт. Эски мыйзамдагы тараптардын жарашуусуна байланыштуу жазык ишин милдеттүү түрдө токтотууну караган ченемдер алынып салынды.

Ошондой эле Кылмыш-жаза кодексинин 58, 82-беренелерине, Жазык-процесстик кодексинин 112-беренесине өзгөртүүлөр киргизилди. Ага ылайык, жыныстык кол тийбестик укугуна каршы кылмыштарга айыпталгандардын жоопкерчиликтен оңой кутулуп кетүүсүнө шарт түзгөн жоболор алынып салынды. Тактап айтканда, жыныстык кол тийбестикке каршы кылмыштардын эскирүү мөөнөтүн, айыпталуучуларга пробациялык көзөмөлдү колдонуу, күрөөгө бошотуу мүмкүнчүлүктөрү алып салынды.

«Анткени бул жоболор жабырлануучулардын укук коргоо системасына ишенимин кетирет», деп жазылган маалыматта.

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, былтыр Кылмыш кодексинин «зордуктоо», «сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо» беренелери менен 82 кылмыш иши козголгон.

Укук коргоочулар зордуктоого кабылгандардын көбү милицияга кайрылбоону туура көрөрүн, андыктан расмий статистика чыныгы абалды чагылдырбай турганын айтып келишет.

Эң көп окулган жаңылыктар