Бир апта ичинде Бишкекте миңден ашык адам коменданттык саатты бузду. Бул тууралуу Бишкек шаарынын комендантты Алмазбек Орозалиев билдирди.
Анын маалыматында, ордо калааны 3 миңден ашык милиция кызматкери жана Генералдык штабынын аскерлери көзөмөлдөп жатышат.
«2020-жылдын 25-мартынан тартып Бишкекке өзгөчө абал киргизилди. Ошол күндөн 1-апрелге чейин, коменданттык убакытты 1076 адам бузган, алардын ичинен 145 аял, 931 эркек жана 14 өспүрүм», — деди ал.