22:14
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Кыргызстан Түркияга дагы 50 куткаруучу жиберди

Кыргызстан 12-февралда катуу жер титирөөдөн жабыркаган Түркияга дагы 50 куткаруучу жана алты дарыгер жөнөттү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдиришинче, алар жардам иретинде дары-дармектерди, медициналык жабдууларды, буюм-тайымдарды жана кийим-кече өңдүү зарыл буюмдарды, ошондой эле 75 боз үй ала кетишти.

"Калган куткаруучулар, боз үйлөр жана керектүү буюмдар келе жаткан жуманын шейшемби күнү жеткирилмекчи",-деп жазылган маалыматта.

Кыргызстан буга чейин Түркияга дагы 100 куткаруучу, 100 боз үй жөнөтөрүн кабарлаган.

Мунун алдында Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине караштуу Консулдук департамент Бишкектен Түркияга жөнөтүлгөн гуманитардык жардамдарды кабыл алууга даярдык көрүлүп жатканын билдирген. Анда жардам жүктөлгөн учак 12-февралда Газиантеп шаарына конору болжолдонуп жатканы, бул аймакка Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев барганы айтылган.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандан келчү боз үйлөрдү тигүү үчүн Ван, Анкара жана Стамбулдагы этникалык кыргыздардын ыктыярчылар тобу түзүлүп, жер титирөөдөн жабыркаган аймактарга жөнөтүлдү.

Кыргызстан Түркияга зилзаланын алгачкы күнүндө эле 67 адамдан турган куткаруучулар тобун жөнөткөн.

Эң көп окулган жаңылыктар